Чыңгыз Айдарбеков КРга жумушчу сапары менен келген Энергетикалык Хартиянын Башкы катчысы Урбан Руснак менен жолукту

325

КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков КРга жумушчу сапары менен келген Энергетикалык Хартиянын Башкы катчысы Урбан Руснак менен жолукту.
2018-жылдын 9-декабрында Брюссель шаарында болгон жолугушуунун удандысы катары, Энергетикалык Хартиянын Башкы катчысы У.Руснак энергетика чөйрөсүндө дүйнөлүк мамилелер өзгөрүп жаткан шартта уюмдун ишмердүүлүгүн модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри энергетикалык секторлорду реформалоо, рынокторду өнүктүрүү, энергия үнөмдөөчү технологияларды жана энергиянын альтернативалуу булактарын ишке киргизүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүп-изилдөөгө кызыкдарлыгын билдирди. КРнын тышкы саясий ведомствосунун башчысы гидроэнергетиканы өнүктүрүү КРнын туруктуу өнүгүүсүнүн приоритеттеринин бири болуп саналарын белгиледи. КРда энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүнү, энергиянын эффективдүүлүгүн жогорулатууну жана энергия үнөмдөөчү иш-чараларды киргизүүнү тараптар кызматташуунун келечектүү багыттары катары көрсөтүштү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь