“Кыргызстанда 90-жылга караганда, унаалардын саны 10 эсеге көбөйдү, демек күйүүчү майларды пайдалануу да 10 эсеге көбөйдү десек болот. Күйүүчү майлар негизинен Орусиядан келет, ал эми Казакстандан келип жаткан бензиндер толук кандуу аткезчилик жолу менен гана ташылат”-дейт Элдик.медианын “Элдик Талкуу” программасында эколог, көз карандысыз эксперт Динара Кутманова.
Эколог: “Кыргызстанга кирип жаткан күйүүчү майлардын 40 пайызы аткезчилик жолу менен кирет.Эмне үчүн чек арадан ал товар өтүп кеткендигине түздөн түз бажы кызматы жооп бериш керек. Бажы кызматкерлери коомчулукка чыгып анык отчётту берүүдөн коркушат, себеби билинип эле тургандай 1 млн тонна күйүүчү май кирген болсо өлкөгө, анын 400 миң тоннасы аткезчилик менен өтөт дегенди бирдирет.Кандай жол менен келсе да анын сапатын текшерүүчү орган катары Госэкотех инспекциянын укугу бар, бирок лабороториясы жок. Ал эми депутаттар болсо бир биринин бизнесине каршы чыкпай калкалап отургандар”- деди.