“Үйүңөрдүн төрүнө даараткана казып жатса да унчукпайсыңар!” Таластан депутаттарга кайрылуу болду (видео)

328

“Шумкар Уя Кыймылы” фейсбук аркылуу Жерүй кенин иштеткен компанияга байланыштуу төмондөгүдөй билдирүү жасады:

” Жерүй кенин иштеткен ‘Альянс Алтын” ЖЧКсынын жумушу башталбай жатып Таластын башы, суунун башы чаңга бөлөнүп жатып калды. Эми мөңгү, жайыт, жайлоолордун баары чаң басып жараксыз абалга келээри турган иш. Эртең уулуу калдыктарын төгө баштаса чаң менен кошо уулуу заттар учаарына бөркүңөрдөй ишенгиле. Таластан чыккан Жогорку Кеңеште отурган депутаттар баарыңар оозуңарга кум толтуруп алгансыңарбы? Үйүңөрдүн төрүнө даараткана казып жатса да унчукпайсыңар? Эртең касиеттүү Таластан эмне калат? Ууланган малыңды, картөшкө, алма буурчагыңды ким алат? Ууланган аймакта эл кантип жашайт? Зыяны жок деп жыйынтык берген экологторду, эки көзү көр болуп ушул бүгүн болуп жаткан катастрофаны көрбөй жаткан экотехинспекцияны, бир өрөөндүн элин билип туруп ууландырганы жаткан бийликти ошол жерге көчүрүп барыш керек көрүшсүн жеринен, Акмактар!” 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь