Ош облусунун Өзгөн шаарында Wolksvagen Рassat үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол четиндеги тосмону барып сүзүп каза болду. Маалыматтарга ылайык, 62 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калган.
Окуя кечээ 14-май күнү саат 14:15тер чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө катталган.
Бетон тосмого урунуп барып токтогон айдоочу оор жаркат алгандыктан ошол жерден жан берген.
Бул окуя боюнча Өзгөн райондук милициясы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.