Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда 40га жетпеген депутат гана катышууда. Ал эми катталган депутаттардын саны 98 деп турат. Учурда “Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Ал эми күн тартибине ылайык, 5 маселе талкууланмакчы.