«Айыл банктын» мурдагы жетекчиси Мурат Акимов камалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдиргенин айрым маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, ал 14-майда кармалган. Анын кармалышы банктагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Ал 2017-2019-жылдары банкты башкарып турганда бир катар каржылык мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталган.
М.Акимов бул кызматта 2017-жылдын январь айынан тарта 2019-жылдын 19-апрелине чейин эмгектенген.