Алмазбек Атамбаев доого жыккан юристтер соттон утуп алды

212

Бүгүн Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин эки юристке койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, “Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди” деп айыпка жыгылган юристтер сот 10 миллион сом айып пулду төлөбөй турган болушту.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин ал кездеги жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «кадыр-баркына шек келтирди» деп сотко арызданган. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь