Акыркы учурда жаштар арасында “Пранк” деген модага айланды. Башкача айтканда өздөрүнүн бейбаштыгын же элди катуу тамашага салганын телефонго тартып жайылтуу болуп саналат. Бул Бишкекте дагы тарап, айрымдары чегинен ашып кетип жатат.
thehype.kg деп катталган инстаграмм баракчасы ар кандай пранктарын шаар тургундарына көрсөтүп келет. Бул жолу алар каармандардын формасында киийинип, Байтик Баатыр менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада жүргүнчүлөрдү ташып жаткан троллейбустун башына чыгып, айдоочуга тоскоолдук жараткан.
Айрымдары балдардын бул кылыгын күлкү менен кабыл алса, айрымдары акылынан адашкан бейбаштар деген сын пикирлерин калтырууда. Кээ бир колдонуучулар “ток урат” деп алардын өмүрүнө корккон. Көпчүлүк окурман буларга чара көрүлүшү керектигин жазышты.