Депутаттар айып пулдарды азайтууну талап кылышууда

174

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев сөз сүйлөп, «Коопсуз шаар» долбоорунун айып пулдарын азайтуу керектигин айтты.

“Айып пулдардын эсебин азайткыла деп какшап жатабыз. Бүгүн 20 пайыз гана эл төлөп жатат, калганы төлөгөн деле жок. Бул эң жаман коопсуздук нерсеге алып келет, «Коопсуз шаар» эмес эле. Биз алыбызга жараша айып пулдарды салбай, асмандатып салып алдык. Төлөй албайт эл», – деди эл өкүлү.

Ошондой эле, ушундай  сунушту Тазабев  Икрамов дагы  элге кыйын болуп жатканын айтып, айып пулдарды азайтуу керектигин билдирген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь