Болгариялык оор салмактагы боксчу Кубрат Пулев АКШда кесиптик лицензиясынан айрылып калды. Себеби ал, беттештен кийинки учурда интервью алып жаткан журналист айым Дженифер Равалону оозунан өөп жиберген.
Журналист спортчунун бул кылыгына нааразы болуп арызданган. Ал эми мушкер болсо жөн гана достук катары жылуу өөп койгонун, журналист кыз жакшы эле кабыл алганын айткан.
Бул сөздөрүнө журналист тээригип, спортчу калпты айтып жаткандыгы үчүн дагы жазаланышы керектигин айтты.
Эми оор салмактагы боксчу Кубрат Пулев сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча түшүндүрүү курсунан өтүп, 2500 доллар төлөөгө милдеттендирилди.