Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу жөнүндө мыйзамга кол койду

242

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь