Буга чейин интернет булактарында депутат Зарылбек Рысалиевдин Азиз Батукаев боюнча сурак берип жатып жүрөк оорусу кармады деген маалымат тараган.
Бул боюнча Рысалиев өзү супер.кжге жооп берип, суракка бүгүн эмес кечээ баргандыгын айткан. “Жыгылбай эле, жакшынакай отурам. Учурда жанымда 5-6 киши отурат. Суракка кечээ күнү барып келдим”, – дейт ал.