Зеленский 20-майда ант берет

155

Украинадагы президенттик шайлоону жеңген Владимир Зеленский 20-майда ант берип кызматын баштайт. Украина парламентинде 331 эл өкүлүнөн 315нин добушу менен Зеленскийдин расмий кызматын баштоо күнү 20-май деп белгиленди.

Украинада 21-апрелде өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында куудул Владимир Зеленский 73,22 пайыздык добуш менен жеңишке жетишип, атаандашы Петр Порошенко болсо добуштардын 24,45 пайызын алып калган болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь