16-майга караган түндө Жумабек жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жол кырсык катталды. Саат 00:43 чамасында Toyota Estima менен Toyota Wish эки унаасы сүзүшүп, бир унаа оодарылып калган.
Toyota Estima унаасынын айдоочусу менен эки жүргүнчү ооруканага кайрылышты. Ал эми автоунаалар айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери башталды.