15-майда Казакстанда бала бакчадагы эки жашар бала терезеден кулап түштү. Бул учур имарттын ичиндеги жана сыртындагы видеобайкоого түшүп калган.
Тасмада көрүнүп тургандай тарбиячы эки баланы терезенин кырына коюп турганда, экинчиси 2-кабаттан учуп кеткен.
Учурда наристе оорукананын жандандыру бөлүмүндө жатат. Абалы оор бойдон калууда.
Бул кырсыкты Казакстандын полиция кызматы өз көзөмөлүнө алды.