“КТ Мобайлдын” көп маяна алат деген орун басары жумуштан кетти

254

Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайл» ЖЧКнын директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Иманкадыр уулу Эрназар өзү берген арыздын негизинде кызматтан бошотулган.

Эскерте кетсек, буга чейин Иманкадыр уулу Эрназар көп суммадагы айлык алат деген маалымат чыккан.  Ал азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу экени айтылган.

Премьер-министр Иманкадыр Рысалиев бажасы экендигин моюндап, бирок анын уулу орун басар экендигин билген эместигин айткан.

Ошондой эле ал “КТ мобайлдын” айлык маянасынын суммасын аныктоо боюнча тапшырма берген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь