Афганистанда жашаган 5 жаштагы Саед Абдул Рахман протез салынган буту менен бийлеп интернетте жылдыз болууда. Ал бир жашка дагы чыга электе, согушта бутуна ок тийген. Дарыгерлер анын бутун кесүүгө аргасыз болушкан.
Жакында эле бутуна протез салдырган жаш бала кубанганынан бийлеп жиберген. Бул учурду дарыгер тартып алып, интернетке жүктөгөн.
Протезди улам чоңойгон сайын алмаштырып турууга туура келет.