Көлдүн Тоң районунда тынчтык митинги өтүүдө. Анда үч талап коюлду

170

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 150дөн ашык адамдын катышуусунда тынчтык митинги өтүүдө. Анда райондун активисттери 3 талап коюп чыккандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Тынч жолу менен өтүп жаткан нааразычылык акциянын катышуучулары бийлик өкүлдөрүнө Балыкчы-Тосор авто жолун капиталдык оңдоо,  Күн-Чыгыш айыл аймагындагы 102 гектарды ээлеген Кара-Ой участкасын трансформациялоо жана Дамир Мусакеевге козголгон кылмыш ишин жеңилдетүү, саясий куугунтуктан бошотуу деген талаптарды коюшту.

Бул боюнча Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы Улан Турганбаев мындайча жооп калтырды.

«Жергиликтүү жашоочулар жана коомдук актив коюп жаткан талаптарга ылайык, жолду оңдоого долбоордун ТЭОсу иштелүүдө, жерди трансформациялоого бардык иш кагаздар даярдалып, жакында чечим чыгарылат. Ал эми Дамир Мусакеевдин иши боюнча аны укук коргоо органдары чечим чыгарат»,-деди ал.

Маалымдай кетсек, Тоң районундагы тынчтык митингине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн район акиминин орун басаары Тимур Алымбеков жана Күн-Чыгыш айыл өкмөтү катышууда. Азыр коомдук саясий абал тынч.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь