Мас адамдар мушташа кетип, бири экинчисин бычактап жиберген

257

Бишкекте мас адамдар мушташа кетип бири экинчисине бычак шилтеген.

14-майда саат 18:30дар чамасында Свердлов райондук ИИБна Новая көчөсүндө кансырап жаткан адам боюнча билдирүү келип түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иштердин жүрүшүндө, эки адам спирттик ичимдик ичип олтуруп, мушташа кетишкен. Бири экинчисинин курсагына бычак сайып ал ошол жерден жан берген.

Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталып, издөөнүн жүрүшүндө  1946-жылы туулган В.И. аттуу шектүү кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь