16-майга караган түнү Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багында кафе жана кичи-зоопарк өрттөндү. Түнкү саат 00:50лөр чамасында тутанган өрт 3:32де чектөөгө алынган.
Өрттүн натыйжасында экзотикалык жаныбарлар өлүп, 400 чарчы метр жерди жалмаган. Тилсиз жоо менен күрөшкөнү өрт өчүрүүчү төрт унаа келген.
Алдын-ала маалыматтарга ылайык өрт электр туташуудан келип чыккан.
Жеринен кактус.медиа сүрөткө тартып келди.