Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Түп районунун жашоочулары менен жолугушууда.
Мамлекет башчысы Түп районунун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, бул жерден чыккан көрүнүктүү инсандарды атады жана алардын өрөөндү гана эмес, мамлекетке кошкон салымын эске салды.
Ал мамлекет тарабынан өлкөнү өнүктүрүүнүн жаӊы стратегиялык багыттары белгиленгенин айтып, реформалар жана долбоорлор жөнүндө айтып берди. Алар — аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкерликти колдоо, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу, өлкөнүн финансылык институттарынын каражаттарын аймакка буруу ж. б.
Президент мамлекет аймактарды өнүктүрүүдө бардык аракеттерди көрүп жатканын, эми жергиликтүү бийлик инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иш жүргүзүшү керектигин белгиледи. «Инвестицияларды тартуу жана жаңы жумушчу орундарды түзүү — жергиликтүү бийликтин ишмердигин баалоодогу негизги критерий», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү — бул социалдык объектилерди гана куруп тим болбостон, калктын аярлуу катмарларына жардам берүү, мамлекеттен гана күтүп отурбастан, райондордогу жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо.
«Азыр айылдарда аярлуу катмарларды колдоо боюнча иштер аткарылып жатат. Акимдер дагы бул ишке активдүү кошулушуңар керек. Мен чет жакта жашап, иштеген биздин мекендештер менен көп жолугушам, көпчүлүгү өзүнүн кичи мекенине инвестиция кылууга даяр. Алар менен биргеликте жергиликтүү бийлик иш жүргүзүшү керек», — деп белгиледи Президент.
Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоонун негизги багыттарын, коррупция менен системалык күрөш, тышкы саясат багытындагы жүргүзүлүп жаткан жана алдыда боло турчу иштер, санариптештирүү жылында аткарылган жана аткарыла турчу долбоорлор жөнүндө айтып берди.
Ал жергиликтүү бийликти коррупция менен күрөшүүдө жөн гана байкоочу болуп турбастан, мамлекетке жана Президентке бул күрөштө жардам берүүгө, антикоррупциялык иштерди күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле бул күрөштүн негизги компонеттеринин бири адамдын мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө чиновник менен болгон түз байланышын санариптештирүү жолу аркылуу жоюу экенин атады.
«Мен бул багыттар боюнча убадаларды Президенттик кызматка талапкер болгонумда шайлоо маалында бергем. Ошондуктан буларга кеңири токтолдум», — деп айтты Мамлекет башчысы.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Жергиликтүү жашоочулардын суроолору көбүнчө социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, таза суу менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу, жергиликтүү ишкерликти колдоо, коррупцияга каршы күрөшүү, аймактарды өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спортту колдоо, маданий иш-чаралар ж. б. жөнүндө болду.
Суроолорго Президент Сооронбай Жээнбеков жана тиешелүү министрликтер менен ведомстоволордун, жергиликтүү бийликтин жетекчилери жооп беришүүдө.