Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

141

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 16-майда, Мамлекет башчысы эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.
Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат.
17-майда Мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат, шаардын тургундары менен жолугушат, “Акылдуу шаар” жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь