Бүгүн, 16-майда президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Алгач Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылындагы “Капар уулу Улан” жеке менчик мал чарбачылыгы менен таанышты. Аны менен катар аймакта бул сыяктуу асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп жатканын айыл чарба министри, облустук жана райондук жетекчилер кабар берди.
“Сүт секторун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун жетекчиси Төрөгул Беков бул долбоор облустагы фермерлердин айыл чарба деңгээлин көтөрүү, социалдык экономиканы жакшыртууга багытталарын билдирди.
Андан соң өлкө башчы Түп районунун Түп айылындагы спорт комплексинин курулуш иштери менен таанышты. Аталган спорт комплексти куруу иштери 2015-жылы башталган.
Каражаттын жетишсиздигинен ишке берилбей турган спорт комплекси менен таанышуу учурунда өлкө башчы С.Жээнбеков спорт имаратын бүткөрүүгө жетишсиз болгон 18 млн.сом бөлүнө турганын билдирди.
Учурда президент Түп районунун эли менен жолугушуу өткөрүп жатат.