Прокурор Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевди беш жылга кесүүнү суранды

125

16-майда Свердлов райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Анда аскер прокурору Мусакеевди беш жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранды. Бул тууралуу азаттык сайты жазды.

Кийинки соттук отурум 23-майда улантылат.

Дамир Мусакеев “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталып жатат. Ал УКМКнын 9-кызматын башкарып турганда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн деп айыпталган.

Мындан сырткары, 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ошондой эле Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.

Булак: “азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь