“Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан ми ңдеген аял заты чет жактарга иштеп, балдарын жакындарына таштоого аргасыз”- деп, Энелер күнүн утурлай, Кыргызстандагы аялдар конгресси уюмунун мүчөсү техникалык илимдеринин кандидиты, доктор, профессор Наркүл Абдрахманова Элдик Медиага берген маегинде билдирди.
“Ур токмокко учурап, кор болуп жаткан балдардын оор тагдырына энеси гана жападан жалгыз күнөөлүү дегенге толугу менен кошулбайм. Эне, ошол баласынын жаркын келечегин курам деп талаалап жүргөндөрү да бар. Эгер, мамлекет иш , жетишээрлик маяна акы менен камсыздап койсо, миндеген кыргыз кыз келиндер сырт жакта жүрүшпөйт эле. Баласын бооруна кысып, өз үйүндө жаркын жашоодо жашайт эле да. Ушул жаатта коом жана бийлик чоң көңүл буруусу зарыл. Балдар- өлкөнүн келечеги болсо, эне – баланын ишенимдүү тирөөчү болуш керек.”