Таабалды Тиллаев: “Каза болгон мигранттарды алып келүүдө 50 миң сом төлөп берүүдө  кыйынчылыктар көп”

313

Орусияда эмгектенип жүрүп каза болгон Кыргыз жарандарынын жакындарына өкмөт тарабынан 50 миң сом компенсация төлөп берүү бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

“Жүк 200″ боюнча акчаны төлөп берүү милдетин элчиликке же миграция кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүп берсе жакшы болмок. Себеби аларды чуркатпай жеринен төлөп берсе, аларга да ыңгайлуураак болот. Ал акчаны алуу үчүн мигранттар күндөп-түндөп чуркап, ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатыптыр”, – деди эл өкүлү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь