“Дордой” футбол клубу тажикстандык “Истиклол” клубуна 2:1 эсебинде утуп алды.
Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында беттеш кечээ Бишкектеги борбордук стадиондо өттү.
Алгачкы голду атаандаштардын командасынан Алишер Жалилов 29-мүнөттө киргизди. Андан кийин “Дордой” эсепти теңөөгө аракет кылганы менен биринчи бөлүктө алардын аракетинен майнап чыккан жок.
Ал эми экинчи бөлүктө эсепти Вахыт Оразсахедов 57-мүнөттө теңеди. Жыйырма мүнөттөн кийин “Дордойдун” эсебиндеги экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизди.
Белгилей кетсек, кечээ “Дордой” АФК Кубогунун алкагында төртүнчү беттешин өткөрдү. Алар бир беттешинде тең чыгып, экисинде жеңилип, бир оюнунда жеңиштүү болду. Ошентип, учурда “Дордойдун” эсебинде 4 упай бар болуп, алар тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек.