Чүй областынны Москва районунун милиция кызматкерлери өзүнүн бир тууганын аткан адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын маалымат кызматынан билдирди.
13-май күнү болжолу менен саат 11:30дар чамасында Ак-Торпок айылынан милиция бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барганда, эки бир туугандын ортосунда чыр чыгып, бирөөсу экинчисин мылтык менен атып салган.
Милиция кызматкерлери териштирип, урушкандар аталган айылдын 23 жана 51 жаштагы тургундары экендигин аныктады. Ок чыгарган 23 жаштагы жигит жабыркоочунун бир тууганынын баласы болот.
Ок тийген жаран аймактык ооруканага жеткирилип, анын бир бутун кесүүгө аргасыз болушкан.
Окуя болгон жерден ИЖ-16 маркасындагы курал табылган. Учурда кармалган кылмышка шектүү Бишкектин СИЗО-1 эки айга камалды.