«Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди.
Маалыматка караганда, ал «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы. Бул өнөктөштүктүн алкагында жакынкы айларда виртуалдык оператор түзүү долбоорун ишке киргизүү пландаштырылган. Бул үчүн «Альфа Телеком» ЖАК өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, ал эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдойт, анткени алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат.
Биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн киреше «Альфа Телеком» ЖАК пайдасына – 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн – 33% принциби боюнча бөлүштүрүлөт.
«Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» ЖЧКсы менен жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң тараптар кызматташтыкты улантышты. «Альфа Телеком» ЖАК Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук операторду бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.