Швециянын жолдорунда жүк ташыган уникалдуу унаа пайда болду. Бул унаанын өзгөчөлүгү электр тогу менен айдоочусуз эле жүрөт. Бул тууралуу euronews жазды.
Автономдуу T-Pod 26 тонна жүк көтөрөт. Аны кабинасы жана айдоочусу жок. Үнөмдүүлүгү күйүүчү майлар менен жүргөн айдоочусу бар кадимки унаалардан 60 пайызга аз. Аралыктан айдаган оператор бир убакта 10 унааны көзмөлдөй алат.
Мындай унааларга тапшырыктар түшө баштады. Einride ишканасы кийинки жылга чейин айдоочусу жок 200 жүк ташуучу унааны жолго чыгарууну, андан соң АКШны базарына барууну көксөөдө.