Кыргызстанда ВИЧ инфекциялуу адамдардын саны 9010го жетти. Бул тууралуу 19-май ВИЧ-СПИДден каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнүнө карай Кыргызстандын СПИД борбору тараткан маалыматта айтылды.
Ага ылайык, 1-апрелге карата жалпы өлкөдө ВИЧ позитивдүү адамдардын саны 9010 болсо, анын ичинен 8526 адам Кыргызстандын жараны.1952 адам бул илдеттен көз жумган.
Республикалык СПИД борборунун дыгери Үмүткан Чокморова өлкөдөгү ВИЧ позитивдүү адамдарды убагынан кечиктирбей дарыланганы бул оорудан каза тапкандардын санын азайтат деп эсептейт.
“Бул оорудан айыктыруучу дары жок. Бирок өлүмгө жеткирбей тургандай дарылоонун ыкмалары бар. Ошондуктан, биз бул ооруга чалдыккандардын баарына кайрылып, дарыланууну кечиктирбей башташын өтүнөм. Азырынча бизде бекер дарылануу мүмкүнчүлүгү бар кезде, аны колдон чыгарбай, жашоону улантуу керек”, -деди дарыгер.
Дүйнө жүзү боюнча ВИЧ-СПИД илдетинен 35,4 млн. адам каза болгон.