Дүйнөлүк үрөөн сактоочу жай бар экенин билесизби?

307

Сиздер бул дүйнөдө ак үйлөрдөн да бекем, маанилүүрөөк жай бар экенин билбесениздер керек. Ал эмне болгон жай?-деп кызыгып жатасаныздар? Бул жер “Шпицбергендеги Дүйнөлүк урөөн сактоочу жай, биздин келечегибиз”-деп аталып, 4,5 миллиондон ашык уруктун түрлөрүн сактаса болот экен. Бул имарат Нарвегияда жайгашып, ар дайым тоңдурулган абалда турат жана анын тоо койнундагы  тереңдиги 120 метрди түзсө, деңиз деңгээлинен 130 метр бийиктикте жайгашкан. Жер планетасында  ядер бомбасы жарылса же астероиддер куласа, кандайдыр бир климаттык өзгөрүү болсо, бул  имаратта  дүйнөлүк айыл чарба өсүмдүктөрү сакталып калат.  Мына ошондуктан дагы дал ушул долбоор дүйнөдөгү эң маанилуу деп табылган. Бул жайда урөөндөр сырткы абал кандай болбосун 100, 1000 жылдап сакталып туруу мүмкүнчүлүгүнө  ээ. Имарат ар дайым камера аркылуу күзөтүлүп, эшиктери болсо ар кандай жардырууга да туруштук бере алат экен. Бул жердеги урөөндөр  -18 °Cда сакталып, эгер имарат көзөмөлсүз калса да муздаткычтардын температурасы бир нече апталап 3 °Cдан жогорулабайт. Эгер жер планетасында кандайдыр бир кокустук болсо марихуаннаны башка эле жерге катканыныз оң, анткени бул жайдан сиз аны таба да, ката да албайсыз. Жер шаарыбызда эч кандай коркунуч болбой эле койсун деп умут кылабыз. Бирок кандай болгон кундө дагы дүйнөдөгү  эң маанилуу болгон үрөөн сактоочу жайды мен сиздерге картадан көрсөтүп коеюн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь