Жалал-Абад-Балыкчы жолунун курулушунда иштеген кытай жараны каза болду

214

Жалал-Абадда жол курулушунда иштеп жаткан 2 Кытай жараны кырсыкка кабылып, бири каза болду. Маалыматты  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктаган.

Маалым болгондой, окуя 16-май күнү Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун 362-чакырымында болгон.

“Чайна роуд” компаниясынын жумушчусу, 48 жаштагы Кытай жараны Х.Ж. курулуш материалдары жүктөлгөн унааны башкарып бара жатып, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада унаа тоонун кырына урунуп, ичиндеги жүргүнчү 27 жаштагы Кытай жараны  алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Ал эми айдоочу учурда Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жатат”, – деп жазылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь