Интернетте белгисиз адамдын сабалгандыгы боюнча видео тарады. Айрым маалымат булактары жазып чыккандай, ур-токмокко кабылган жаран Жалал-Абад облусунун ИИБнын атайын даярдыктагы отрядында иштеп кеткен кызматкер. Ал эми аны сабап жаткандар “Чач” каймана аты менен белгилүү Кара-Дарыялык жана “Жон” каймана атындагы Кара-Көлдүк уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги жазылат.

Видеодогу окуя 7-майда катталгандыгын Жалал-Абад ШИИБнын маалымат кызматынан кабарлады. Бул боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сабалган адам ички иштер органында учурда иштебейт, ардактуу эс алууда дагы эмес дейт. Ал мурда 2004-жылдары үзүп-үзүп кызмат өтөп кеткен.

Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кармалгандардын аты-жөнү жана эмне себептен сабалгандыгы азырынча маалымат берилбей тургандыгын белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 50