15 жашар кыздын бала төрөгөнү боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларга токтолду:
«Жети-Өгүз райондук милиция бөлүмүнө Эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Гүлжан Жаанбаева кайрылган. Анын айтымында Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 15 жаштагы тургуну көз жарган. Г.Жаанбаеванын арызы Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган факт аныкталды.
2004-жылкы Саруу айылынын тургуну Каракол шаарындагы төрөт үйүнөн көз жарып, 6-майда үйүнө чыгарылган. Азыр Жети-Өгүз райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми баланын атасы ошол эле айылдын 20 жаштагы тургуну экени аныкталды. 15-жаштагы өспүрүмдөн кош бойлуу экенин ата-энеси билген.»- дейт Усубакунов.