Милициянын кенже сержанты Адилет Бекжанов 3 жаштагы баланы жолбун иттен куткарып калды. Окуя кечээ, 16-майда саат 15:00 чамасында «Дордой» базарынын аймагында болгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, милиционер базардын жанындагы күзөт постунда кызмат өтөп жатып көчөдө кичинекей баланын кыйкырган үнүн угуп, чуркап чыккан. Ал жолбун ит кое бербей жаткан баланы көргөн. Топтолгон адамдар баланы иттен бошото албай убара болушкан. Ал эми ит баланы тиштеп алып, башка тарапка сүйрөп баштаган.
«Муну көргөн милиция кызматкери табелдик куралды колдонууга туура келген. Баланын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келген итке ок чыгарган. Жыйынтыгында баланы иттен бошотуп алууга мүмкүн болгон. Окуядан кийин милиция кызматкери тез жардам кызматын чакырып, баланы ооруканага алып кетишкен.
Өз кезегинде баланын ата-энеси милициянын кенже сержанты — Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук күзөт кызматынын кызматкери Адилет Бекжановго ыраазычылык билдиришти. Кээ бир адамдар милиция кызматкеринин иш-аракетин туура эмес деп эсептеши мүмкүн. Бирок баланы куткаруу үчүн ар бир секунд маанилүү.
“Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктуна ылайык, милиция кызматкери жаныбардын кол салуусунан коргоо үчүн табелдик куралды колдонууга укугу бар», – деп айтылат ИИМдин маалыматында.