Жылына эки ай гана суу аккан дарыя бар

211

Дүйнөдөгү эң узун дарыя Нил дарыясы экенин баарыбыз эле билебиз. Анын узундугу 6650км болуп, бир жылда андан миллиондогон тонна суу агып туруусу шексиз. Ал эми дүйнө жүзүндө жылына эки ай гана суу аккан дарыя бар экенин баарыбыз деле биле бербесек керек.Мындай дарыя бар. Ал Оникс деп аталып, Антарктидада жайгашкан. Анын узундугу 30 гана км болгону менен ал муз континентиндеги эн узун дарыя болуп эсептелет жана андан жылына эки гана ай суу агып, калган убактарда тоңгон абалда турат. Балык уулаганды сүйүүчүлөр бул дарыяга барбай эле коюңуздар, анткени Ониксте эч кандай балык жашабайт. Болгону балырлар гана бар. Бул дарыяда суунун көлөмү аба-ырайына жараша ар кандай деңгээлде болот. Кээде гана күн жылыганда Ониксте суунун деңгээли көтөрүлөт. Буга далил катары айтсам 1984- жылы жаны Зеландиялык экстремал, туристтер бул дарыяда сузуп да көрүшкөн. Андыктан Антарктидага саякаттап барып калсаңыз чөмүлүүчү кийиминизди алып барууну унутпаныз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь