Негизи эле спирт ичимдиктерин ичкен адам өзүнө гана эмес, анын айланасындагы адамдарга да аябай терс таасирин тийгизээри баарыбызга эле маалым же тааныш. Спирт ичимдигин ичип алып аялын уруп, балдарын коркутуп, өтө одоно кылыктарды жасашат. Муну көргөн балдардын да психикасына катуу таасир берээри белгилүү. Мас- болуу адамдын ичкилик ичүүдөн улам физиологиялык жана психикалык процесстеринин өзгөрүшү. Алкоголду аз өлчөмдө ичүү психологиялык чыңалууну бошоңдотуп, көңүл көтөрөт, адам өзүн эркин сезип, жайдарыланып калат. Адамдар ушул сезимге жетүү үчүн ичкилик өлчөмү көбөйгөн сайын өзүн башкара албай, кырдаалга баа бере албай калат, анын абалы өзгөрүп, көп учурда жинденип, кыжырланат же маанайы пас тартып, көңүлү чөгөт. Ушундай абалда мас киши антисоциалдык кылыктарды, зомбулук түрүндөгү кылмыштарды: зордуктоо, киши өлтүрүү, ,өзүн-өзү өлтүрүү жана башкаларды жасайт.

Ичкиликти такай жана көп ичкендер ага берилип кетет. Алкоголь карын жана ичегиден канга сиңип, кандын концентрациясын көбөйтөт. Чарчап- чаалыккан, арык, алсыз адамдар ичкиликтин аз эле өлчөмүндө катуу мас болуп калышат. Ичкилик эч качан жакшылыкка алып келбешин баарыбыз эле билебиз. Билип туруп эле кайра иче баштайбыз. Ал адамдын канында 3 күнгө чейин сакталып калат. Ал эми 4 жылдан ашык ичимдик менен илээшкендердин 85 пайызынын мээси кургайт. Эми ичкенден кийинки «маймылдын» жоругун айтсаң түгөнбөйт. Андан да кызыгы «эч нерсе билбей калыптырмын» деп кутулуп кеткендеричи.

Мына ушундай адаттардан арылуу максатында жакында Төлөк айылынын энелерине жалпы эле аял жолдоштор айылда спирт ичимдигин так кесе токтотуу боюнча аялдар кеңешине, аксакалдар сотуна кайрылуу жолдоп токтом чыгарып берүүсүн өтүнүшкөн. Анда мындай деп жазылган: «Биздин силерге кайрылуубуздун себеби: Төлөк айылынын элинин саны аз, айылыбыздагы көпчүлүк жаштарыбыздын жашоо шарттары начар, ичкилик үй- бүлөнүн тамырына доо кетирип, түп оту менен курутуп келүүдө. Улуу, кичүү дебей ыйманыбыз кетти. Сырттан келген адамдардан уялабыз. Ыйман, адеп жок болсо айылдын келечеги жаштар эмне болот? Элибиздин генефону бузулуп, кийинки жашообуз такыр туңгуюкка учураары белгилүү болуп турат. «Деги биз эмне болуп баратабыз, биздин балдар эмне болот?» деген коркунуч туулат. Орто жаштагы, пенсия алгандар пенсия алаары менен келип эле акчасын жалаң аракка салат, жакшыраактары болсо үйлөрүнөн күрөк, балка, чотун, айласы кеткенде тооктун жумурткасын уурдап чыгып сатат дагы аракка кирет. Аракка тоюп алып үй-бүлөсүнүн тынчын алып жаш балдарынан бери сөгүп,үйүнөн кубалап чыгып беймаза салып, аялдарын оорукчан кылып, көпчүлүгү жаштайыбыздан нервден оорулуу болуп калдык. Буга чейин деле айылыбызда арактын айынан канчалаган ага-туугандарыбыз өлдү, өзүңүздөр деле билип жатасыздар.

Ошондуктан айылыбыздын жаштары элдин келечегин ойлоп жакшы иш кылып жатышат. Ошол жаштар тыюу салгандан бери бир аз болсо дагы ичкилик ичүү тыйылып, тынч жашоо өкүм сүрүп калды. Өзүбүздүн жаш өспүрүм балдарыбыз элибиздин келечегин ойлоп, «кийинки балдарыбыз, неберелерибиз эмне болот» деген ниет менен ушул ишти жасап жатышат. Болбосо ар кимдин өз жашоосу өзүндө деп кайдыгер карап койсо деле болмок. Жаштарга биз ыраазычылык айткандан башка эмне дейбиз. Ушуларга ыйман берсин деп эле алкап жатабыз. Жаштарыбыздын сөзүн колдоп арак сатканды токтоткон ыймандуу дүкөнчүлөргө дагы ыраазычылык билдирип кетебиз. Элдин тилин алып сатпай калышты, көрсө арагы жок деле оокаттары өтөт экен. Бирок, ошого карабастан айрым соодагерлер элдин ыркын бузуп, жашыруун спирт сатып жатышат. Негизи спирт ичимдиги бул мыйзам чегинде контрабанда деп эсептелинет, спирт сатууга лицензиясы, андан сырткары патент болуш керек, спирт контрабанда болгондуктан спирт менен кармалган адам өтө чоң жазага тартылышы керек деп эсептейбиз.

Сиздер аялдар Кеңеши, аксакалдар сотунун мүчөлөрү, эл жана участковый менен бирдикте иш алып барганда гана элдин келечегин жана ден соолугун, үй-бүлө очогун бузбай ынтымагын сактап калабыз деген ишеничтебиз. Терең урматыбыз менен айылдагы апалар, жеңелер, эжелер, карындаштар!»

Мына ушундай көйгөй бир гана айылда эмес бардык жерде кеңири кулач жайган десек жаңылышпайбыз. Анткени адам ичкиликке берилип кеткенден кийин андан арылуу кыйынга туруп калат. «Менин 10 жылдан ашык арак ичип кеткен күйөөм менен чогуу жашоонун жыйынтыгы дипломдон ашып түшөт. Күйөөм күндө иччү. Үйдө 5 жаштагы кызым экөөбүз үчүн тозоктой эле. Ал уруш чыгарып сабачу,үйдөн баалуу буюмдарды сатып арак иччү. Эмнелерди гана жасабадык, күйөөмө кодировка кылдырттым, наркодиспансерге жатып чыкты, биоток менен дарыланды. Бирок, булар убактылуу гана жардам берип жатты. Кээде ичпей калганда бизге каралашкан мыкты ата болуп калчу. Жумушка орношуп, кызын багып. Бирок баары кайрадан башталчу». «Атам аракеч болчу. Мен да анын жолуна түштүм. 12ге чыга электе иче баштадым. Үйлөнгөндөн кийин күнүгө ичип жүрдүм. Ачуум чукул болуп, зордук-зомбулук кылууга жакын болуп кеткем, ошондуктан көп учурда милиция чакырууга аргасыз болушаар эле. Ден соолугум болсо начарлагандан начарлай берди. Ичкиликтин айынан ашказанымдан кан кетип, өлүп кала жаздадым. Цирроз, аз кандуулук деген дарттарга да чалдыктым. Ичкиликти таштайын деп, «өзүнө-өзү жардам берүү тобуна» кошулдум. Бирок, андан майнап чыккан жок. Ичкилик мени сормо саздай соруп кетти».

Ичкиликтин кулу болгон адамдардын көбүнүн таржымалы ушул сыяктуу. Бирок, канчалык кыйынга турбасын, аракечтиктен арылууга болот. Ичимдиктин жашоого терс таасир этип жатканын көрүп унчукпай коюу туура эмес экендигин Төлөк айылынын жашоочулары убагында демилге көтөрүшүп, айыл ичиндеги дүкөндөрдөгү бардык ичимдиктерди (74 миң сомдук) сатып алышып, талкалап жок кылышкан. Андыктан Төлөк айылынын жаштарына жалпы коомчулук жакындан жардам беришип, колдоого алып, башка айылдын элдери да үлгү алышса жашообуз алда канча оңолоор эле деген тилек. «Бейиш-эненин таманында» дегендей энелердин тилегиндей тилек жок. Анда эмесе келгиле урматтуу окурмандар, ой бөлүшөлү.

Макала Нарын облустук Теңир-Тоо гезитинен алынып, өзгөртүүсүз берилди.

Автору: С. БЕЙШЕКЕЕВА, Кочкор айылы.