“КТ Мобайл чыры”: Иманкадыр Рысалиев Акылбек Жаманкуловду коркуткан

241
“КТ Мобайл” ишканасы боюнча “Альфа Телеком” (Мегаком) ишканасынын башкы директору Акылбек Жаманкуловго Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгон. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отурумунда айтты. Анын айтымында Иманкадыр Рысалиев өкмөттө 3-4 жолу чогулуш өткөргөн. Чогулушта “КТ Мобайл” тууралуу долбоорду эртерээк ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилген.

Аталган долбоорлорду ишке ашырууга каршы болгондорго карата жумуштан четтетем деген коркутуулар болду. Бул долбоорду ишке ашырыш керек, мамлекет үчүн зарыл долбоор”, — деп көп эле коркутуулар болду. Мен Иманкадыр Рысалиевди сыйлайм, тажрыйбалуу киши. Үй-бүлөмө чейин асылды. Текшертем, укук когоргоо органдарын салам, үй-бүлөңдү кара, түбүңө жетем деген телефон аркылуу коркутуулар болду”, — деди Акылбек Жаманкулов.

Парламент бүгүн “КТ Мобайл” чыры боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны өтүп жатат.  Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь