Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун борбору Кербен шаары эң ыплас шаарга айланды деп кейиген окурман элдик.медиага тартып жиберди.
” Эгемендүүлүктү алганга чейин Караван кыштагы эң кооз, таза жана жашыл шаар эле. Шаар макамын алып, улам жыл өткөн сайын Кербен шаары ашмалтайы чыккан шаарга айланды. Тазалыкка көңүл бурулбайт, жаңы эле асфальтталган көчө жарылып кетти, тротуарда адам баспайт, таксилер машиналарын коюп алат, машина коюлбай турган борбордук көчөдө эки катар машина токтотулат, керек болсо Рай администрациянын алдына да таксисттер толуп алышкан. Мындай иштей албаган мэрге эмнеге сөгүш жарыяланып, кызматынан алынбайт?”