“Региондорду өнүктүрүү – бул социалдык объектилерди гана куруп тим болбостон, калктын аярлуу катмары – колунда жокторго жана жетим-жесирлерге жардам берүү”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.
Мамлекет башчысы белгилегендей, социалдык колдоого муктаждарга мамлекет көңүл бурууда.
“Жөлөкпул былтыр 3000 сом болсо, аны 1000 сомго көбөйттүк. Мамлекет колдон келишинче кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге жардам берип жатат. Облус жетекчилери, акимдерге айтып жатам, жетим, муктаждарга жардам берүү – чоң соопчулук. Кээ бир аймактарда бул багытта демилгелер башталды. Россия, Түркия, Германиядагы мекендештер менен жолугуштум. Баары тең “акимдер, айыл өкмөтү уюштурса – биз жардамыбызды беребиз” дейт. “Көп түкүрсө – көл болот”. Ошондуктан колунда жокторго, кыйналып жаткандарга, жетим-жесирлерге жардам берүү маселесин айыл жерлеринде колго алышыбыз керек”, – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.