Шаарга дагы канча парклет коюлат?

217

Бишкек шаарын көрктөндүрүү максатта шаардын борбордук аянттарына коюлуп жаткан парклеттердин баасы аныктала элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын жашыл чарба муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырсалы Жаналиев билдирди.

Анын айтымында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын айланасына мындан 3 кун мурда орнотулган 3 отургуч толугу менен жыгачтан болуп, кыякча формада жасалган.

Мындай парклеттер бүгүн Чүй проспектиси менен Ч. Айтматов көчөсүнүн кесилишине кечке чейин орнотулса, кийинкилери кызыл аянтта жана Айчүрөк соода борборунун айланасынан орун алат. Ал эми кичи архитектуралык формалар (кооздуктар) шаарыбыздын Фучик, Жибек- Жолу, Чүй проспектиси жана Түштүк магистралына коюлушу пландалууда. Масалиев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишине май айынын соңу менен чакан эс алуу багы курулат. Ушул жылдын эсеби менен 11 чакан эс алуу багы шаардын ар кайсыл аймактарына түшөөрү пландалууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь