Шайлообек Дүйшеев калаа башчысы Суракматовго кат жазды

76

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев калаа башчысы Азиз Суракматовго кайрылып, “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанындагы Аллеяны кыргыз китептерин сатуучулардын жайына айлантууну өтүндү. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды. Кайрылуусу толугу менен берилет:

” Бишкек шаар башчысы А.Э.Суракматовго,
Бишкек шаар башчылыгынын аппарат жетекчиси Б.З.Түлөбаевге

Кайрылуу

Урматтуу Азиз Эмильбекович!
Урматтуу Балбак Зарлыкович!

Шаардын “Ала-Тоо” кино театрынын жанында художниктердин картиналарды саткан жайы бар. Учурунда Бишкек шаарына мэр болуп турган кезинде Феликс Кулов кыргыз сүрөтчүлөрүнүн өтүнүчүн канааттандырып, ошол жерди аларга бөлүп берген болучу. Бул чечим абдан эле туура болгон. Ошондон бери карай аталган жайда сүрөтчүлөр сүрөттөрүн сатууга жана сүрөт сатып алууну каалаган адамдардын сүрөт сатып алуусуна жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Феликс Кулов тарыхта балким саясатчы катары эмес, так ушул жайды художниктерге берүүгө чыгарып берген чечими менен калышы мүмкүн. Анткени чыгармачыл адамдар ушул күнгө чейин Ф. Куловго ыраазы болуп келатышат.
Менин сиздерге кайрылып жатканымдын жөнү мындай:
Ошол эле сүрөтчүлөрдүн күн чыгыш тарабындагы Аллеяны кыргыз китептерин сатуучулардын жайына айлантса эмнеге болбосун? Азыр борбор шаардын чок ортосунда кыргыз китептерин саткан бир дагы дүкөн жок. Илгери бир дүкөн бар эле, эгемендиктин алгачкы жылында аны байыгысы келгендер арак дүкөнүнө айлантып жок кылышкан. Нуска китеп дүкөнү болсо борбордун буруу жеринде. Китеп сатып алгысы келген адамдар аны табышы кыйын. Эгер Сиздер, “Ала-Тоо” кинотеатрынын ушул жерин кыргыз китептерин сатуучулардын жайына айлантууга чечим чыгарып берсеңиздер, ушу тапта кыргыз китептерин асфальтка коюп алып, көрүнгөн жерде сатып жүргөн китеп саткычтардын да, кыргыз жазуучуларынын да сообуна калат элеңиздер. Барар-бара бул жай китеп сатуучу эле жай эмес, кыргыз китептеринин тушоо кесчү, кыргыз акын-жазуучуларынын окурмандар менен жолугушуп турчу маданий жайына да айланат эле. Адабият кызматкерлеринин сообуна эле калып тим болбой, алардын алкышын алып, жакшы ишиңер менен тарыхта да калат элеңиздер. Ойлонуп көргүлөчү?

Сиздерди урматтап Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев.”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь