Интернетте журналист Ыдырыс Исаковду сот жыйналышына чакырган кат тарады. Буга чейин ишкер Жалил Атамбаев журналистке карата моралдык зыянды өндүрүу жөнүндө арыз жазган. Бирок, кийин 7-майда арызын кайра кайтарып алгандыгы боюнча маалымдаган эле.
Ош шаардык Соту тарабынан алдын ала сот жыйыны 20-май күнгө белгиленди.
Бул боюнча Ыдырыс Исаков кабары жок экендигин билдирип, анын дарегине кат келбегендигин кошумчалады. Өзү дагы интернеттен окуганын айтат.
“Биз токтоду деген ойдо эле калганбыз. Бирок мен техникалык ката болушу да мүмкүн, балким юридикалык процедцуранын жолдору ушундайдыр, балким арызынан кайрадан баш тарткандыр деген ойлорду ойлоп жатам”
Ал эми Жалил Атамбаевдин адвокаты Шумкарбек Абжалиев кайтрып алуу доо арызы мурдагыдай эле күчүндө экендигин элдик.медиага билдирди.
“Соттон адашып кеткен окшойт да, мүмкүн көрбөй техникалык ката кетип калды. Же делого тиркелбей калган“