Японияда саатына 400 чакырым жүрүүчү  поездди чыгарды

203

Япониялык JR East темир жол компаниясы Alfa-X үлгүсүндөгү жогорку ылдамдыкта жүрүүчү жаңы поездди чыгарды. Анын максималдуу ылдамыгы саатына 400 чакырым аралыкты басып өтөт. Аталаган маалымат тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.

«Бул дүйнө жүзүндө эң ылдам жүрүүчү коммерциялык поезддердин бири. Күнүмдүк жумушунда ал саатына 360 чакырым ылдамдык менен жүргүнчүлөрдү ташыйт», — деп жазылат маалыматтарда.

2019-жылдын июнь айында JR East аталган поездин темир жолдо жүргүнчүлөрсүз сынактан өткөрө баштайт.

Бул он вагондуу ылдам-поезд ушул жылдын июнь айынан тарта үч ай бою бир нече тесттик каттам жүргүзөт. JR East компаниясы Alfa-X ылдам-поездин 2030-жылдан тарта коммерциялык максатта пайдаланууга берилет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь