Бишкекте жыл сайын баса элек наристелер ортосунда «Эмгектегендердин чемпионаты» өтүп келет. Аталган жакшы саамалаык 18-май күнү саат 16:00дө Bishkek Park соода борборунда өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуручулар кабарлады.
Маалматыка караганда, эрежеге боюнча «Жарышка» 7-10 айлык наристелер катыша алат жана алар 3 минутанын ичинде 10 метр жерди эмгектеп өтүшү керек. Ата-энелерге балдарын алаксытууга, үндөөгө, чакырууга тыюу салынат. Жеңүүчүлөрдү кыздардын жана эркек балдардын арасынан тандап алышат. Ошондой эле, «Жалындуу балакай», «Мыкты колдоо тобу» жана «Эң мыкты кызыктыргыч» номинацияларына белектер каралган.