Германиянын Lilium компаниясы айдоочусу жок абада учкан беш орундуу таксини сунуштады. Аппаратты сыноодон өткөрүшүп, аны абага өз алдынча көтөргөндө бир нече убакыт калкып туруп, кайра ийгиликтүү жерге конду.
Абада учкан аппарат 36 электр кыймылдаткычтары менен жабдыкталган бул анын тигинен учуп, кайра конуусуна мүмкүндүк берет. Электрэнергия бир саатка жетет жана бул убакыттын ичинде аппарат 300 чакырым жүрө алат.
Аппарат дагы бир нече тесттерден өтмөкчү.
Lilium компаниясы 2020-жылдын орто ченине чейин массалык өндүрүшкө өтүүнү пландоодо. Эске салсак, азыркы учурда айдоочусу жок абада учкан аппараттарды Airbus жана Uber компаниялары тесттен өткөрүүдө.