“КТ Мобайл” компаниясы кандай болгон күндө да ишке кириши керек. Мындай пикирин бүгүн 18-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

– Бул мамлекеттик долбоор. Аны аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес.

Өкмөт башчы бул долбоорду өзү колдогонун, маселени иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын тыянагын күтүү керектигин жана туугандары аралашканы жөнүндө маалыматтарды тастыктоо зарылдыгын айтты.

“Бажасы, уулу деп жатышат. Туугандарым аралашканы туура эмес деп ойлойм. Бирок ошонун баарын тастыктайлы” деди ал.

Видеосун төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип көрүңүз:

https://www.azattyk.org/a/prime_minister_kt_mobile_kyrgyzstan/29949206.html

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Булак: “azattyk.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 62