Бодо малды уруктандыруунун акысы канча сом? Индонезияда окуп-үйрөнүп келген Баткендик ветеринар

225

Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Чек айылынын тургуну Галбай Айдаров 10 жылдан бери бодо малды жасалма уруктандыруу менен алектенген жалгыз адис. 40 жылдык тажрыйбасы бар ветеринардын айтымында өткөн жылы 253 бодо малды жасалма уруктандырып, элеттиктердин 200дөн ашуун асыл тукумдуу төл алышына өз салымын кошкон. Жасалма уруктандырылган асыл тукум порода бодо малдар базарларда 180 миң сомго чейин сатыла баштагандан кийин кардарлары ого бетер көбөйгөн. 

Галбай Айдаровдун айтуусунда 4-5 уй кармаганча бир асыл тукум парода баккан пайдалуу. Мындан 10 жыл мурда эл аралык уюмдардын каржылоосу аркылуу баштаган ишин таштабай астейдил артынан түшкөн ветеринар учурда кармаган ишин көрө баштады. Айына 15-20га чейин кардарлар чакырып, жасалма уруктандыруу менен мал чарбачылыгынан баар таапкан бул инсан мындан тышкары айылдаштарынын малдарын эмдейт. Натыйжада Баткен районунун Дара аймагындагы жашоочулардын малдары жугуштуу оорулардан арылып, асылдуулугу арткан.

Бодо малды уруктандыруунун акысы мал ээсинин үйүнүн алыс-жакынына жараша бааланат. Чек айылында 1000 сом, Баткен шаарында 1200 сом, айылдын алыс же жакынына жараша 2 миң сомго чейин болот.

Мен жасалма уруктандырууну үйрөнүү үчүн Индонезияга барып, 1 айлык курста окуп келдим. Баткенде көбүнчө ала-тоо, швиц, лимузин, симментал жана абердин-ангусс породалары алынат. Булар породалуу мал болгондуктан жаңы төрөлгөн музоолор бир эле учурда 4 литрге чейин сүт ичет. Башка бодо малдардан айырмасы көлөмү чоң болгондуктан керектүү чөптөрдү 2-3 эсе көп пайдаланат. Биз багып келген бодо малдар аз чөп жеп, көп калдык чыгарып келсе, пародалуу малдан калдык чыкпайт,” – дейт Г.Айдаров.

Ветеринар Галбай Айдаровдун уулу Данияр дагы жогорку ветеринардык билим алып, учурда ветсервисти башкарып, ата кесибин улантып келет.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь