Кара-Суу районунун эли Матраимовдун жана Капаровдун иштен кетүүсүн талап кылып жатышат (видео)

536

Ош облусунун Кара-Суу райондук акимчиликтин канцеляриясынын адиси Кара-Суу районунун элинин арызын кабыл албай жатат деп окурман видеосун жөнөттү.

Себеби ал арызда эл Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун иштен кетүүсүн талап кылып жатышат.

Окурман: ” Себеби Тилек Матраимов районго аким болуп келгенден бери карапайым эл үй-жай куруу үчүн жер тилке бекерге ала албай жатат. Бардык жер тилкелер коррупциялык схемалар менен байларга чоң акчага парага сатылып жатат. Натыйжада көп балалуулар, ажырашкан, жалгыз бой энелер, майып-инвалиддер, кедей-кембагалдар, колунда акчасы жоктор жер тилкелерсиз калып бир үйдө 5-6 үй-бүлө жашап жатышат. Андан сырткары, район боюнча жүздөгөн гектар жерлерди муниципалдык менчик категориясына мыйзамсыз өткөрүп ортомчу-кошелёктору аркылуу арзан акчага сатышып, мамлекеттик бюджетке аз акча түшүрүп, жерди жеке менчикке өткөрүп ортомчу-кошелёктору коррупциялык схемалар менен байларга чоң акчага сатып жатышат. Натыйжада ортодогу миллиондогон $ акчалар мамлекеттик бюджетке эмес аткаминерлердин сол чөнтөгүнө түшүп жатат.”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь